2024-жылдын аягына карата ИДПнын көлөмү киши башына 2513 долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 86%га өстү

 2024-жылдын аягына карата ИДПнын көлөмү киши башына 2513 долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 86%га өстү

Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүүнү улантууда, бул инвестициялык активдүүлүктө жана мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоодо түздөн-түз чагылдырылган. 2024-жылдын акырына карата ИДП киши башына 2513 долларды түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 86% га өстү. Бул көрсөткүч 2025-жылы дагы өсүп, 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

“2024-жылы негизги капиталга инвестиция 283,2 млрд сомго жетип, 18,1%га өскөн”, – деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Ал кошумчалагандай, акча-кредит саясаты улуттук валюта сомунун туруктуулугун сактоого багытталган.

“Тышкы факторлордун, анын ичинде импорттук инфляциянын таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып, узак мөөнөттүү өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, – деп белгиледи ал.

Связанный пост