2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 34,3 млрд сом профицит менен аткарылды

 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджет 34,3 млрд сом профицит менен аткарылды

Кыргыз Республикасынын 2024-жылга консолидацияланган бюджети 2023-жылга салыштырмалуу 112,1 миллиард сомго көбөйүү менен 689,3 миллиард сомго аткарылды. Жылдын жыйынтыгында бюджет 34,3 миллиард сомго профицит менен аткарылды, бул өлкөнүн финансылык туруктуулугун жана анын бюджеттик саясатынын натыйжалуулугун тастыктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

Ал кошумчалагандай, республикалык бюджеттин кирешеси 417,5 миллиард сомду түздү. Кирешенин негизги булагы салыктык түшүүлөр болуп, 192,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 38 млрд сомго көп болду.

“Бажы кызматы 123,1 млрд сом чогултуп, 11,6 млрд сомго көбөйгөн. Бюджеттин чыгашалары 383,2 млрд сомду түзүп, артыкчылыктуу социалдык секторго берилди”, – деди МинКаб Торагасы.

Ал белгилегендей, 2024-жылы социалдык тармакка 175,3 миллиард сом бөлүнгөн, бул мамлекеттик чыгымдардын негизги багыты. Каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
– билим берүү – 70,5 млрд сом;
– саламаттыкты сактоо – 34,9 млрд сом;
– социалдык коргоо – 61,1 млрд сом;
– маданият жана спорт – 8,8 млрд.

Связанный пост