Быйыл кыргызстандыктар банктардан 477,7 млрд сом насыя алган

 Быйыл кыргызстандыктар банктардан 477,7 млрд сом насыя алган

Жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2 пайызга өсүү менен 477,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, банк секторунун суммардык активдери 38 пайыз өсүү менен 1 125,2 млрд сомду, ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы 35 пайызга өсүп, 800 млрд сомду түздү.

Ошондой эле Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү 91,5 пайызга өсүп, 17,3 млрд сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган.

Связанный пост