Садыр Жапаров карды жиреп мектепке барган окуучу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айды-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.
Буга чейин социалдык тармактарда 4-класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады.
Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган, бүгүн болсо жеке өзү аны кабыл алып, ноутбук жана топ белек кылды.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун да берди.
Мамлекет башчысы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.
Жолугушуунун соңунда президент Нурзаманга чоң ийгиликтерди каалап, алдыда “Акылман” президенттик лицейинде окууга да мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.