Нурланбек Тургунбек уулу: Жогорку Кеңеште конструктивдүү сындар айтылып, элдин үнү угулуп турушу керек

Жогорку Кеңештин жыйынында VIII чакырылышынын Төрагасы болуп шайланган Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөп, алгач эл өкүлдөрүн депутат болуп шайланышы менен куттуктады.

Ошондой эле ишеним көрсөтүп, парламенттин Төрагасы кылып шайлаган кесиптештерине ыраазычылыгын билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Өзүмдүн буга чейинки алган тажрыйбамды Жогорку Кеңештин коомдогу жана өлкөдөгү ролун бекемдөөгө жумшоо менен парламенттин кадыр баркын көтөрүүгө арнайм”,– деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш Президент Садыр Жапаров башында турган бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын мыйзамдык жактан колдоого алып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошорун айткан Төрага: “Кыргыз парламенти чөлкөмдө гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде да ачык-айкындуулугу жана демократиялык баалуулуктарды бекем кармангандыгы менен өзгөчөлөнүп келет. Мындан ары ушул багытыбызды сактап калуу менен гана чектелбестен, өнүктүрүшүбүз керек. Биздин ыйгарым укуктарыбыз жетиштүү. Сөз эркиндиги толук сакталат, албетте ар бир айтылган пикирдин артында жоопкерчилик бар экенин да сезишибиз керек. Бирок кайсы бийлик бутагы болбосун кемчиликтер кетсе конструктивдүү сындар айтылып, ушул бийик трибунада элдин үнү угулуп турушу кажет”, – деди.

Андан тышкары, алдыда Жогорку Кеңеш өлкөнүн өнүгүшүнө жана калкктын бакубатчылыгын арттырууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алууну улантарын кошумчалады.

Связанный пост