2030-жылга чейин Чүйдө 78 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү көздөп, өлкө боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Ведомствонун маалыматына караганда, анын алкагында Чүй облусунун өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын потенциалына жасалган талдоонун негизинде 7 соода-логистикалык борбор (СЛБ) жана 78 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландаштырылууда.
Район жана шаарлар боюнча пландар төмөнкүдөй:
- Аламүдүн району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
- Жайыл району – 1СЛБ, 14 кайра иштетүучү ишкана;
- Москва району – 1 СЛБ, 12 кайра иштетүүчү ишкана;
- Сокулук району – 1 СЛБ, 8 кайра иштетүүчү ишкана;
- Ысык-Ата району – 1 СЛБ, 9 кайра иштетүүчү ишкана;
- Кемин району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүүчү ишкана;
- Панфилов району – 5 кайра иштетүүчү ишкана;
- Чүй району – 1 СЛБ, 9 кайра иштетүүчү ишкана;
- Токмок шаары – 9 кайра иштетүүчү ишкана;
- Бишкек шаары – 5 кайра иштетүучү ишкана.
Бул чаралар бардык район жана айыл аймактарын камтып, ар бир аймактын адистешүүсүнө ылайык ишканаларды туруктуу чийки зат менен камсыздоого мүмкүндүк берет.