Кыргызстанда 403 бала бакча жабылып, 526 мектеп онлайн окутууга өттү
15-декабрга карата Кыргызстанда 526 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси убактылуу жабылганы айтылды.
Бул чаралар курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу көрүлгөн.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 50-жумасында (8–14-декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды. 49-жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7 пайызга азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.