Бактияр Орозов ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Орозов Бактияр Сайпидинович мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.