Ош базарында эттин сапаты жана баасы текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ош базарында эттин баасына мониторинг жүргүздү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын жүрүшүндө жетекчилер базардагы эттин сапаты, коопсуздугу жана баанын кармалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, жеринде сатуучулар жана жарандар менен баарлашты.

Белгилей кетсек, Ош базарында атайын социалдык дүкөн уюштурулган. Ал жерге күн сайын жаңы союлган мал эти алып келинип, базардагы орточо баадан бир топ арзан баада сатылууда. Бул өз кезегинде калктын эт азыктарына болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, социалдык колдоону күчөтүүгө багытталган.

Связанный пост