Садыр Жапаров Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда, Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземине катышты.

Азем”Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги” эл аралык форумуна катышкан президенттердин, өкмөт башчылардын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземи — жыл сайын 12-декабрда (Бейтараптыктын эл аралык күнү) Түркмөнстандын башчысынын катышуусунда өлкөнүн туруктуу бейтараптык укуктук статусунун урматына өткөрүлүүчү расмий иш-чара.

Связанный пост