Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Кыргызстандын тарых илимин өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясынын долбоору сунушталып, талкууланды. Анда ата мекендик тарых илимин мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, максаттары жана механизмдери аныкталган.
Россия президентинин алдындагы Тарыхый агартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы менен учурдагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын катышуучулары илимий кызматташтыкты чыңдоонун, эксперттик жана архивдик материалдар менен алмашуунун жана биргелешкен билим берүү демилгелерин иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, комиссия мүчөлөрү Кыргызстандын тарыхы боюнча жаңы масштабдуу 15 томдук басылманы даярдоо боюнча долбоорду талкуулашты. Бул иш өлкөнүн тарыхый өнүгүүсүнүн негизги этаптарын системалуу жана ар тараптуу чагылдырууга багытталып, алдыңкы ата мекендик адистерди тартуу менен ишке ашырылары белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча эксперттик жумушчу топторго тиешелүү тапшырмалар берилди.