Кыргызстандыктардын жаңы жылдык каникулун узартуу сунушталууда

 Кыргызстандыктардын жаңы жылдык каникулун узартуу сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “2026-жылдагы жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартуу жөнүндө” министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, 2026-жылдын 8 жана 9-январындагы жумуш күндөрүн башка ишемби күндөрүнө — тиешелүүлүгүнө жараша 7-февраль жана 25-апрель күндөрүнө жылдыруу сунушталууда. Бул чара Кыргызстандыктардын жаңы жылдык эс алуусун 12-январга чейин узартууга мүмкүндүк берет.

Министрлик бул долбоор жумушчулардын майрам жана дем алыш күндөрүн туура пайдалануу жана жылдын башында жагымдуу социалдык-экономикалык шарттарды түзүү максатында иштелип чыкканын белгилейт.

Ведомствонун маалыматы боюнча, каникулду узартуу бир нече милдеттерди чечүүгө багытталган:

  • ооруларды азайтуу: Январь айынын алгачкы жумаларында салттуу түрдө көбөйгөн мезгилдик оорулардын деңгээлин төмөндөтүү;
  • үй-бүлөлүк эс алуу: Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу да 12-январга чейин белгиленгенин эске алып, ата-энелер менен балдардын бирге эс алуусуна шарт түзүү;
  • ички туризм: Кышкы сезондун эң жогорку чегинде ички туризмди стимулдаштыруу жана кичи жана орто бизнести колдоо.
  • энергетиканы үнөмдөө: Кышкы электр энергиясынын жетишсиздиги шартында энерготутумга жана коммуналдык инфраструктурага болгон жүктү азайтуу.

Эмгек министрлиги майрамдык мөөнөттү узартуу кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбай турганын жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбай турганын баса белгилейт.

Связанный пост