2026-жылы Кыргызстан үчүн электромобилдерге бажы салыктары жоюлат

 2026-жылы Кыргызстан үчүн электромобилдерге бажы салыктары жоюлат

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш 2026-жылы Кыргызстанга электромобилдерди бажы алымысыз алып кирүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди.

Чечимге ылайык, Кыргызстан 15 миңге чейин электр транспортун (анын ичинде “таза электр унаалары” жана “ырааттуу гибриддер” – ТН ВЭД ЕАЭБ 8703 80 000 5 коду) бажы алымысыз алып кирүүгө квота алды.

Жеңилдик Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Бул транспортту Казакстан же Россиянын жарандыгы же туруктуу жашаган жери бар адамдарга ээлик кылуу же пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

ЕЭКте белгиленгендей, ушундай эле шарттар Армения менен Беларуска дагы тиешелүү, бирок гибриддер үчүн Беларустун резиденттерине укуктарды өткөрүп берүүгө өзүнчө тыюу салынган.

ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев бул чара мурунку жылдары өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин белгиледи. Анын айтымында, алымдардан бошотуу ЕАЭБ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда электромобилдер рыногун кеңейтүүгө, кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза транспорттун үлүшүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Өкмөттөр аралык кеңештин отуруму Москвада Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин төрагалыгы астында өттү. 2025-жылы Беларустун ЕАЭБдин бардык органдарында, анын ичинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште төрагалык кылууда.

Связанный пост