Лебединовкада пенопласт чыгарган ишкананын иши токтотулду
Лебединовка айылында экологиялык талаптарды бузган пенопласт чыгаруучу ишкананын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Буга чейин Фейсбук социалдык тармактарда аталган ишканадан коюу түтүн чыгып жатканы боюнча видео тараган. Ал пенопласт чыгаруучу “Барс Аю” ЖЧК экендиги такталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада чаң жана газ тазалоочу орнотмонун жоктугу аныкталган. Мындан улам ишканага 28 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
“Аталган ишкананын ишмердүүлүгү чаң жана газ тазалоочу жабдуу орнотулмайынча убактылуу токтотулду”,-деп айтылат маалыматта.