Ирандан мыйзамсыз ташылып келген 6,5 тонна балык артка кайтарылды
Ирандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык продукциялары артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында Ирандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алып келинген 6480 кг балык азыктары бар оор жүк ташуучу унаа өлкө аймагына киргизилген жок.
Аталган пунктун инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөлдүн жүрүшүндө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Балык азыктары белгиленген эрежелерди бузуу менен ташылып жатканы тастыкталгандан кийин инспекторлор тиешелүү тартипте артка кайтаруу актысын түзүштү.
Бул чаралар өлкөнүн эпизоотикалык коопсуздугун камсыздоого, жарандардын ден соолугун коргоого жана ЕАЭБдин бирдиктүү ветеринардык талаптарынын аткарылышын камсыздоого багытталган.