Касымалиев: 2025-жылга консолидацияланган бюджет 1,1 трлн сомдон ашып, биринчи жолу тарыхый триллиондук чекти басабыз
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар актуалдуу маселелер каралды, анда негизинен “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.
“Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып, бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы – триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр – 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Андан соң Адылбек Касымалиев өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10% түзгөн.
“Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди, буга чейин 9% өсүү темпи менен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирген. Бюджеттик мыйзамда бекитилген ИДПнын көлөмү 1 трлн 624 млрд сом болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 1 трлн 427 млрд 359 млн сомду түздү. Ал эми жылдын аягына чейин 1 трлн 779 млрд сомду түзөт деп божомолдонду, же бекитилгенден 155,6 млрд сомго көп болот. Экономиканын бардык тармактарында өсүү катталды. Булардын ичинде курулуштагы жылдык өсүүлөр орточо 42,8%ды түзгөнүн белгилөөгө болот. ИДПнын адам башына бөлүнүшү 2025-жылы бекитилгени 2616 доллар болсо, жылдын жыйынтыгы менен 2770 долларды түзөт деп болжолдонуп жатат (+154 долл). Улуттук банк маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын алтын-валюта резервдери дээрлик 8 млрд долларга жетти (7 млрд 955,10 млн долл), 2024-жылдын октябрына салыштырмалуу – 3 млрд 20,34 млн долларга өстү”, – деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы дүйнөлүк экономиканын абалына кыскача токтолуп, 2025-жылдын 1-декабрына карата дүйнөлүк экономикада өсүш темпинин басаңдоо белгилери байкалып жатканын белгиледи. Ал Дүйнөлүк банктын эксперттеринин баамында, саясий туруксуздук жана соода чырлары менен калыптанып жаткан дүйнөлүк кырдаалда – Кыргызстандын экономикасы – позитивдүү өнүгүүдө баратканын жана өлкө саясий стабилдүүлүктө болуп жаткандыгын белгилөөгө болоорун айтты.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинети республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди жактырды.