УКМК: Чет элдик атайын кызматтын агенти тыңчылык үчүн соттолду

 УКМК: Чет элдик атайын кызматтын агенти тыңчылык үчүн соттолду

Чет элдик атайын кызматтын агенти тыңчылык үчүн соттолду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ауга чейин атайын кызмат тарабынан “Тыңчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берген чет элдик жаран кармалган.

Төгүндөлгүс далилдердин негизинде аталган жаран соттун чечими менен айыпталган аракеттерди жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, эркинен ажыратылды.

“Улуттук коопсуздук органдары чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүнүн алдын алуу үчүн туруктуу негизде контрчалгындоо иштерин жүргүзүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост