Учурда Бишкек ЖЭБинде 243 650 тонна көмүр бар
Бишкек шаардык мэриясы учурда жылуулук электр борборунун кампаларында 243 650 тонна көмүр бар экенин билдирди.
“Бул көлөмдөгү катуу отун жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн жетиштүү”, – деп айтылат маалыматта.
2025-2026-жылдардагы күз-кыз мезгилин жабуу үчүн жалпысынан 1 400 000 тонна көмүр талап кылынары белгиленди.
Көмүр жеткирүү белгиленген график боюнча жүргүзүлүп жатканы жана жылытуу мезгилинин аягына чейин улана турганы белгиленди.