Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушталды
Бишкек шаарынын мэриясы кайталанган аталыштарды жоюу максатында бир катар көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү сунушталууда:
- Михаила Фрунзе көчөсүн, Дэн Сяопин, Чүй, Шабдан баатыр проспектилерин — Чүй проспектиси;
- 7-Апрель жана Курманжан датка көчөлөрүн — Курманжан датка көчөсү;
- Жайыл баатыр жана Кайыков көчөлөрүн, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилерин — Токомбаев проспектиси;
- Анварбек Чортеков жана Кривоносова көчөлөрүн — Абсамат Масалиев көчөсү;
- Лев Толстой, Путепроводный жана Сары-Өзөн көчөлөрүн — Шабдан баатыр көчөсү;
- Чыңгыз Айтматов проспектисин жана Манас көчөсүн — Чыңгыз Айтматов проспектисин;
- Жаш Гвардия проспектисин жана Махатма Ганди көчөсүн — Иманалы Айдарбеков көчөсү;
- Селекционный жана Муромский көчөлөрүн — Махатма Ганди көчөсү;
- Юлиус Фучик көчөсүн жана Васильевский тракты — Манас көчөсү;
- Жибек жолу жана Жеңиш көчөлөрүн — Жибек жолу проспектиси;
- Максим Горький жана Анкара көчөлөрүн — Анкара көчөсү;
- Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрүн — Тыналиев көчөсү;
- Байтик баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрүн — Жусуп Абдрахманов көчөсү;
- Береговый, Окраинный, Көк-Сай, Курманалиев жана Набережный көчөлөрүн — Дэн Сяопин көчөсү;
- Исхак Раззаков (Новопавловка) и Асипа Темирова көчөлөрүн — Анварбек Чортеков көчөсү;
- Виноградный көчөсүн — Лев Толстой көчөсү;
- Николай Гоголь (Новопавловка) көчөсүн — Чалагыз Иманкулов көчөсүнө;
- Ленский и Юбилейный көчөлөрүн — Жайыл баатыр көчөсү деп өзгөртүү сунушталууда.