Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 127,6 млн сомдон ашык компенсация төлөдү

 Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 127,6 млн сомдон ашык компенсация төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга 2025-жылдын 11 айында жалпы 127,6 млн сомдон ашуун компенсация төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат жана коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөргө токтолсок, жалпы 236 учур катталып, төлөнгөн сумма 30 млн 561 миң 946 сомду түздү. Анын ичинен өрт кырсыгына 145 үй кабылып, төлөм 27 млн 580 миң 319 сом болгон.

Салыштыруу үчүн 2024-жыл ичинде жалпы компенсация 69 млн 554 миң 964 сомду түзгөн. Демек, бир жыл аралыгында төлөмдүн көлөмү дээрлик эки эсеге өсүп, уюм 2025-жылы ири өсүшкө жетишти.

ОСАГО боюнча 2025-жылдын 11 айына карата жол кырсыгына кабылган учурлардын саны 758ге жетип, жалпы төлөм 71 млн 838 миң 635,48 сом болду.

Бул көрсөткүчтөр мамлекеттик камсыздандыруу системасы адамдардын коопсуздугун чыңдоодо маанилүү экендигин көрсөтөт. Камсыздандыруу күтүүсүз кырсыктардан кийинки чыгымдарды азайтып, экономикалык туруктуулукту сактоого жардам берет.

Связанный пост