Нан кымбаттап, сабиз менен кумшекер арзандады
Кыргызстан менен Россия жана Казакстандагы азык-түлүк продукцияларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майынын баалары салыштырылды.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргызстандагы баалар:
- макарон азыктары (спагетти) 3,1 пайыз;
- макарон азыктары (вермишель) 3,1 пайыз;
- пияз (репчатый лук) 2,8 пайыз;
- картошка 1,5 пайыз;;
- 1 сорттогу буудай унунан жасалган нан 1,5 пайыз;
- 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1,3 пайыз;
- жумуртка 1,2 пайыз;
- каймак май (туздалбаган, 72 пайыз аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 0,9 пайыз;
- макарон азыктары (рожки) 0,7пайыз;
- нан азыктары (тандыр нан) 0,7 пайыз;
- күн карама майы 0,3%пайыз;
- пастерленген 2,5-3,2 пайыз майлуулуктагы сүт 0,1 пайыз;
- 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) 0,1 пайызга жогорулаган.
Ал эми:
- сабиз 6,2 пайыз;
- күрүч 0,2 пайыз;
- кум-шекер 0,2 пайызга төмөндөгөнү байкалды.
Казакстандагы баалар:
- картошка 1,2 пайыз;
- сабиз 3,8 пайыз;
- уй эти 3,8 пайызга жогорулаган.
Ал эми:
- кум-шекер 6,1 пайызга төмөндөгөнү байкалды.
Россиядагы баалар:
- 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө) 11,5 пайыз;
- пияз 3,2 пайыз;
- уй эти 3,1 пайыз;
- каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 2,8 пайыз;
- тазаланган өсүмдүк күн карама майы 2,7 пайыз;
- 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 2,5 пайыз;
- сабиз 2,3 пайыз;
- картошка 2,4 пайыз;
- жумуртка 2,2 пайыз;
- макарон азыктары (вермишель) 3 пайыз;
- кой эти 2 пайыз;
- күрүч 1,8 пайыз;
- кум-шекер 1,8 пайызга жогорулаган.