УКМКнын төрагасынын орун басарынын атын жамынган шылуундар кармалды
УКМКнын төрагасынын орун басарынын атын жамынган шылуундар кармалды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 1978-жылы туулган С.И.И. жана 1982-жылы туулган А.А.Б. аттуу жарандар УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамдын 46 миң доллар акчасын алып алышкан. Алар жабырлануучуга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылышкан.
Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында аталган кылмышка тиешеси бар 6 адам аныкталып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.