ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын алдында, бүгүн, 26-ноябрда, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары үчүн Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыскача этномаданий программа тартууланды.

Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.

Связанный пост