Коррупциянын алдын алуу институтун күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол коюлду

 Коррупциянын алдын алуу институтун күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров кол койгон “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө Мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” жана 2025-жылдын 25-мартындагы № 100 “КР Башкы прокуратурасын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп аныктоо жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, КР Ички иштер министрлигин, КР министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондун жана атайын статуска ээ мамлекеттик бийлик органдарын кошпогондо, министрликтер, административдик ведомстволор жана КР президентинин, КР министрлер кабинетинин карамагында турган башка мамлекеттик органдар:

– коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат орду жок болгон учурда аны КР президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына ылайык бекитилген штаттык сандын чегинде түзүмгө жана штаттык расписаниелерге киргизсин;

– 2026-жылдын 1-январынан тартып коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын штаттык бирдиктерин аларды күтүүгө каралган бюджеттик каражаттары менен КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берсин; – коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууларга аларды мамлекеттик органдарда жайгаштыруу үчүн жумуш орундарын берсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл шарттар, анын ичинде компьютердик техника, байланыш каражаттары менен, кызматтык жана архивдик документтерге, электрондук документ жүгүртүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасына жана маалыматтар базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын;

– коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенген учурда аларга көмөк көрсөтсүн.

2. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар КР президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык У-А категориясындагы мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат деп белгиленсин.

3. КР Башкы прокуроруна коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулардын укуктук статусун, кызмат ордуна дайындоону жана бошотууну, ишинин негизги багыттарын, функцияларын, отчеттуулугун, ошондой эле мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктоочу алар жөнүндө жобону бекитүү боюнча ыйгарым укук берилсин.

4. КР Башкы прокуратурасы эки айлык мөөнөттө ушул жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте кароого киргизсин.

5. КР Министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына, сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост