Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо маалында кошумча чараларды күчөттү

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккан балдарды көп кабыл алган борбор калаадагы бир катар медициналык уюмдардын иши менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда министр Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын көрүп чыкты.

Медициналык уюмдардын жетекчилери сезондук кайрылуулар менен госпитализациялардын өсүшү байкалганын билдиришти. Алардын айтымында, көпчүлүк жуктуруулар балдар көп топтолгон жерлерде — анын ичинде Бишкектеги ири соода борборлорунун оюн аянтчаларында катталууда. Ошондой эле кадрлардын, өзгөчө педиатрлардын, инфекционисттердин жана орто медициналык персоналдын жетишсиздиги көйгөй болуп турганы белгиленди.

Министр анда бир катар тапшырмаларды да берди:

– баштапкы медициналык-санитардык тармактан адистерди тартуу аркылуу балдар жана жугуштуу оорулар стационарларынын кадрдык потенциалын күчөтүү;

– кичинекей бейтаптар жана алардын коштоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;

– күтүү залдарында ичүүчү суу менен камсыздоо;

– адамдардын топтолушун азайтуу жана кезектерди кыскартуу максатында кошумча кабыл алуу бөлмөлөрүн ачуу.

Эркин Чечейбаев белгилегендей, сасык тумоонун жана КРВИнин сезондук өсүшү учурунда министрлик стационарлардын жүгүн жеңилдетүү жана кошумча чараларды көрүү боюнча даярдыктарды күчөттү.

Сасык тумоонун жана КРВИнин көбөйүшүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга оорунун төмөнкү белгилери – дене табынын жогорулашы, жөтөл, мурун бүтүү, тамак оору же алсыздык пайда болсо, жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮМБ) кайрылууну сунуштайт.

Стационарларга негизсиз кайрылганда кезек күтүү убактысын көбөйтөт, башка вирустар менен контактка кабылуу коркунучун жогорулатат жана өзгөчө балдар арасында оорунун жүрүшүн оорлотушу мүмкүн.

Бишкек шаарындагы ҮМБлар төмөнкү график менен иштейт:

Дүйшөмбү–жума: 08:00–20:00

Ишемби: 08:00–18:00

Жекшемби: 08:00–14:00.

Вирустук инфекциялардан сактануу боюнча сунуштар:

  • бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруңуз;
  • колду самындап жакшылап жууңуз;
  • эл көп чогулган жерлерден оолак болуңуз, коомдук жайларда беткап колдонуңуз;
  • иммунитетти чыңдаңыз: туура тамактануу, жетиштүү суу ичүү, жакшы уйку;
  • өз убагында үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.

Связанный пост