Касымалиев БА аймактык экономикалык кызматташтык боюнча министрлердин конференциясына катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) 24-министрлик конференциясына катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы БАЭК аймактык байланыштарды чыңдоонун, сооданы жана инвестицияларды стимулдаштыруунун, өсүштү тездетүүнүн жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөнүн натыйжалуу куралы болуп калганын белгиледи.
«Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, атап айтканда Азия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен БАЭК аймагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн бир катар аймактык долбоорлор ишке ашырылууда жана техникалык консультацияларды берүү аркылуу долбоорлордун сапаттуу ишке ашырылышы камсыздалууда.
БАЭКтин демилгелеринин аркасында аймактык рынокторго жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк кеңейтилип, сооданын өсүшүнө өбөлгө түзүлүп, Кыргыз Республикасы аймактык хаб катары позицияланууда», – деди ал.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына токтолду. Алсак, ал аймактык соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн транспорттук коридорлорду мындан ары өнүктүрүүгө жана модернизациялоого кызыкдар экенин билдирди.
«Транспорттук жана логистикалык өз ара байланышты чыңдоо максатында Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык мультимодалдык транспорттук коридорлорго интеграцияланган учурдагы транспорттук коридорлорду модернизациялоого, маршруттарды жана жаңы магистралдык темир жолдорду курууга инвестицияларды көбөйтүүнү артыкчылыктуу деп эсептейбиз. Аймактык сооданы өнүктүрүү үчүн БАЭК өлкөлөрүнүн бизнеси жана мамлекеттик органдары тышкы соода чөйрөсүндөгү бардык документтерди жана уруксаттарды иштеп чыга ала турган «бирдиктүү терезе» улуттук маалыматтык системаларын толук кандуу киргизүүгө көмөктөшүү маанилүү деп эсептейбиз. Бул чара чек ара пункттарынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана БАЭК өлкөлөрүнүн бажы процедураларын шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет. Аймактык экономикалардын интеграциясы жана өнүгүүсү адамдык капиталга инвестициясыз мүмкүн эмес. Ошондуктан, адамдык потенциалды өнүктүрүү үчүн БАЭК өлкөлөрүнүн эмгек рыногунун улуттук маалыматтык системаларын андан ары интеграциялоо үчүн иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейбиз», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы жана Кыргыз Республикасы БАЭК программасынын активдүү катышуучусу катары БАЭКтин өз ара пайдалуу демилгелерин ишке ашырууга катышууга даяр экендигин ырастаарын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.