Салык кызматы жыл башынан бери дээрлик 300 млрд сом чогултту
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык системасын мындан ары реформалоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен бир жыл мурун салык салуу тутумун масштабдуу реформалоо башталган. Садыр Жапаров ишкерлер үчүн салык жол-жоболорун болушунча жөнөкөйлөтүү жана бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо боюнча так милдет койгон.
“Реформанын биринчи этабы дээрлик аяктады. Анын жыйынтыгы менен көптөгөн товарлар үчүн ЭТТК жоюлуп, кассалык аппараттарды милдеттүү пайдалануу жокко чыгарылды, процесстерди санариптештирүү тездетилип, жалпысынан салыктык башкаруу жөнөкөйлөтүлдү. Жол-жоболорду ыңгайлуу жана ачык-айкын кылып, бюрократиялык жүк азайтылды, отчет берүү жана салык төлөө жеңилдетилди. Ошону менен катар салык кызматынын өзүндө да ички кайра уюштуруу иштери жүргүзүлдү”,-деди ал.
Шыкмаматов белгилегендей, реформанын биринчи этабынын, жаңы башкаруучулук чечимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышын цифрадан билсек болот.
“Алсак, 2025-жылга салык боюнча жылдык план 268 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Салык кызматы аны 11 айда 30 млрд сомго ашыгы менен аткарып, 298 млрд сом чогултту”,-деди ал.