Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү улантууда

 Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү улантууда

Кыргызстандын экономикасы өсүүнү улантууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык макрообзорунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–октябрь айларында ИДП 10%га өстү. Мындай өсүшкө өлкөгө тартылган ири инвестициялар жана керектөөчүлүк чыгашалардын көбөйүшү себеп болууда.

Курулуш тармагы дээрлик 28%га өстү. Бул мамлекеттик турак жай куруу программасынын, жолдорго, социалдык объекттерге жана инфраструктурага багытталган активдүү инвестициялардын аркасында мүмкүн болду.

Ички соода 9,2%га көбөйдү. Өсүштүн негизги себептери:

  • Эмгек акы дээрлик 20%га жогорулап, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү артты.
  • Насыялоо 43%га өсүп, калк товарлар менен кызматтарды активдүү сатып ала баштады.

Жалпысынан, өлкө экономикасы туруктуу темп менен өнүгүп жатат: курулуш өсүп, соода жанданып, жарандардын кирешеси көбөйүп, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө.

Связанный пост