Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүсү 3,5 эсеге көбөйдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин (ӨБК ШКУ) кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы сөз сүйлөп, анда Уюмдун өнүгүүсүнүн маанилүү аспектилерин баяндады. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурду.

Ал кыргыз тарап Уюмдун эл аралык кадыр-баркын чыңдоо жана анын эл аралык экономикалык тартиптин маанилүү бөлүгү катары ролун илгерилетүү боюнча ишти уланта берерин баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы соода-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын сактап калуу үчүн соода байланыштарын активдүү чыңдоону жана биргелешкен инновацияларды өнүктүрүүнү мындан ары да улантуу зарыл экенин билдирди. Бул жагынан ал кызматташтыктын бир катар негизги багыттарын белгиледи.

Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү. Бул контекстте Кыргызстандын бажы операцияларын санариптештирүүнү илгерилетүү боюнча активдүү позициясы белгиленди. Атап айтканда, «Акылдуу Бажы» системасы киргизилип, бул товарларды чыгаруу убактысын 5 сааттан 1 саатка чейин кыскартууга мүмкүндүк берди.

Транспорттук өз ара байланыш. Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстанда транспорттук инфраструктура тармагында ишке ашырылып жаткан маанилүү масштабдуу долбоорлорду белгиледи — “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, “Барскоон-Бедел-Аксуу” жаңы эл аралык автомобиль жолунун курулушу, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин жана Түштүк-Чыгыш Азиянын аба байланышын өнүктүрүү. Ушуга байланыштуу ал үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында ишке киргизилген Кыргызстандын Кытай менен экинчи аба коридорунун ишке киргизилиши жөнүндө билдирди.

Инвестициялар жана каржы. Министрлер Кабинетинин башчысы эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонууга өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушул өңүттө ал ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү зарылдыгын белгиледи.

Санариптештирүү. Бул контекстте ал бүгүнкү күндө ШКУ санариптик доордун рухуна шайкеш келерин, киберкоопсуздук, электрондук башкаруу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жаатында билим жана мыкты тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп саналарын белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун өнүктүрүү жана жогорку өндүрүмдүү эсептөөлөрдүн аймактык кубаттуулуктарын түзүү боюнча ШКУнун демилгесин кароону сунуштады.

Кызматташуунун учурдагы натыйжаларын белгилеп, Министрлер кабинетинин башчысы статистикалык маалыматтарды келтирди, анын айтымында Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө.

“2020–2024-жылдары Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү 3,5 эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө ШКУга мүчө мамлекеттер 75%ды ээлейт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанга ШКУга мүчө мамлекеттердин 8 миллионго жакын жараны келди”, – деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин башчысы.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Связанный пост