Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды

 Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайды

Өлкөдө жумушсуз жарандардын саны акыркы жылдарга салыштырмалуу кыскарып жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жумушсуздуктун азайышынын негизги себеби бул “Социалдык контракт” долбоору.

“Буга чейин айрым жарандар жөлөк пул алып, бирок расмий түрдө жумушсуз болуп каттоодо турушкан. “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында аларга чакан бизнес ачууга шарт түзүлүүдө. Мисалы, былтыркы жылга салыштырмалуу жумушсуздардын саны бир топ кыскарды. Долбоор 2023-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат”, – деди ал.

Мукамбетова кошумчалагандай, ошондой эле расмий эмес түрдө иштеп жаткан жарандардын да саны артып жатат.

“Бул да жумушсуздуктун реалдуу деңгээлине таасир берип жаткан факторлордун бири”,-дейт ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост