УКМК: Эттин баасын атайылап көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат
Бишкекте эт азыктарын саткан ири ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жолугушуулар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча киргизилген талаптарды сактоо максатында уюштурулду.
Ага Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
2025-жылдын 11-августунан тартып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, министрлер кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык эттин 1 килограммы үчүн болгон баа 790 сомдон ашпашы керек.
Баарлашуу учурунда ишкерлерге белгиленген өкмөттүк эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди.
Ошондой эле эт азыктарына жасалма түрдө бааларды көтөрүү жана эттин бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилген талаптарына баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары өзгөчө баса белгиленди.
УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана зарыл болгон товарлардын баасынын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда.
Мындан тышкары, УКМК эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертет.