Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы мобилдик тариф киргизилет
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жаңы “Мамлекеттик” тарифтик планы ишке киргизилет.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте мобилдик байланыш операторлору — “Нур Телеком”, “Альфа Телеком” жана “Скай Мобайл” менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Аталган келишимдин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын иштелген жаңы мобилдик “Мамлекеттик” тарифин ишке киргизилүүдө.
Бул тариф мамлекеттик кызматкерлердин иш процесси, кызматтык байланыш жана мобилдик интернетке болгон күнүмдүк муктаждыктары эске алынуу менен түзүлүп, алардын санариптик кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана иштин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Жаңы “Мамлекеттик” тарифтик планы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:
1. Тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS.
2. Кыргызстандын башка мобилдик тармактарына 20 мүнөт.
3. 40 ГБ мобилдик интернет.
4. Чексиз Wi-Fi таратуу (раздача).
5. Баасы: 250 сом / 30 күн.
Аталган тарифтик план мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү пайдалануу шарттарын жакшыртууга, санариптик кызматтарды кеңири колдонууга жана алардын күнүмдүк ишинде жогорку ыңгайлуулукту камсыз кылууга кызмат кылат.