119 айыл таза суу менен камсыздалат
Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймактарын таза ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыздоо багытында ири жана маанилүү иштер аткарылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул маселе мамлекеттин эң башкы приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.
Учурда республика боюнча 119 айылда таза ичүүчү суу жеткирүү боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, жалпы 600 айыл таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программага киргизилген.
Сугат суу тармагында 14 суу чарба объектисинде курулуш жүрүүдө, дагы 18 объект боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат.