Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Быйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • 110/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука;
  • 110/10 кВ “Орто-Алыш” көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулукка;
  • 110/10 кВ “Алтын-Казык” көмөк чордону – 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
  • 110/10 кВ “Берлик” көмөк чордону – 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
  • 35/10 кВ “Водоконал” көмөк чордону – 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВА кубаттуулукка:

5 көмөк чордонго жалпы 146 МВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатат.

Связанный пост