Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы сапарынын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат, ошондой эле Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Связанный пост