Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 86 мыйзам бузуу фактысы катталды

 Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 86 мыйзам бузуу фактысы катталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өнөктүгү башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан 86 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМнин Тергөө кызматынын башчысы Урмат Баялиев билдирди.

Анын айтымында, бул материалдардын арасында ар кандай мыйзам бузуулар бар. Эки талапкерге оор кылмыш иши боюнча айып тагылган. Ал эми калган материалдар тиешелүү тартипте каралып, кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлүүдө. Бул учурда БШК өз тарабынан талапкерлерге айып пул же эскертүү берүүгө укуктуу.

“Мыйзамга ылайык, шайлоо мыйзамдарын бузгандар Кылмыш-жаза кодексинин 5 беренеси боюнча каралат. Келип түшкөн ар бир материал кылдат иликтенип жатат. Биздин аймактарда атайын координациялык штабдарыбыз бар”, – деди Урмат Баялиев.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост