Эмгек министрлиги наристесин таштандыга ыргыткан кыз тууралуу маалымат берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы төрөлгөн наристени өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз тууралуу кошумча маалымат берди.
Ведомствонун алдын ала маалыматына караганда, шектүү ушул жылдын 11-ноябрында Сокулуктагы үйдө төрөгөнүн билдирген. Анын айтымында, наристе эч кандай жашоо белгилерин көрсөтпөгөндүктөн аны баштыкка салып, таштандыга ыргытып жиберген.
“Аял үч ай мурун Москва шаарынан келген. Ош облусунун тургуну, мурун тамактануучу жайда тейлөөчү болуп иштеген, ажырашкан. Бул анын экинчи төрөтү, улуу баласы кайын энеси менен турат.
2002-жылы туулган А.Ф. Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турмуштун оор кырдаалына кабылган же жөлөкпул алуучу катары катталган эмес.
Тергөө уланууда.
Белгилей кетсек, бүгүн Сокулукта таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн наристенин сөөгү табылып, анын апасы делген аял кармалганы маалым болгон.