Садыр Жапаров Талас облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аны өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Мамлекет башчысы аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат алды.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Президент Садыр Жапаровго үстүбүздөгү жылы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор курулганын билдирди. Ошондой эле, жакынкы жылдары төө буурчакты кайра иштетүүчү экспортко багытталган завод куруу пландаштырылууда.

Облустун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом бөлүнгөн.

Талас шаарында 28,5 км ички жолго асфальт төшөлүп, 54 км тротуар курулду.

Суу алуучу жайдын жана көлөмү 2000 куб метр болгон резервуардын курулушу аяктап жатат. Бул бүт шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, облустун ар кайсы райондорунда суу менен камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган иштер улантылууда.

Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин беш кабаттуу кампусунун, 900 окуучуга ылайыкталган мектептин жана жети бала бакча имаратынын курулушу башталды.

Турак жай куруу жаатында Мамлекеттик ипотекалык компания 310 батирлүү турак жай комплексин курууну улантууда.

Связанный пост