Президент Таластагы борбордук парктын курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук парктын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына жаңыланган шаардык парктын эскизи көрсөтүлдү. Анын жалпы аянты дээрлик 5 га түзөт. Эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аттракциондор орнотулуп, аймак көрктөндүрүлөт.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Президент Садыр Жапаровго курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталганын билдирди.
Паркты реконструкциялоо 17 жылдан бери жүргүзүлгөн эмес, ал эми аттракциондор эскиргендиктен 2008-жылы эле иштебей калган.
Андан соң Мамлекет башчысы К. Нуржанов атындагы аллеяны реконструкциялоо долбоору менен таанышты.
Мында дүкөндөр, китепкана, эс алуу жайлары, спорттук аянтчалар, фонтан болот. Ошондой эле аллеяга көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган экспонаттар коюлат. Аллеяны реконструкциялоону 2026-жылдын июль айында аяктоо пландаштырылууда.
Андан соң Президент Садыр Жапаров Талас шаары жана облустун райондору үчүн сатылып алынган атайын техникаларды көрүп чыкты. Жалпысынан 42 техника, анын ичинде фронталдык жүктөгүчтөр, бетон аралаштыргычтар жана асфальт төшөгүч бар.