2014-жылы электр энергияны керектөө 14 млрд кВт болсо, бүгүнкү күндө 20 млрд кВт жетти

 2014-жылы электр энергияны керектөө 14 млрд кВт болсо, бүгүнкү күндө 20 млрд кВт жетти

2014-жылы электр энергияны керектөө 14 млрд кВт болсо, бүгүнкү күндө 20 млрд киловаттка жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 30-33 миңге чейин жаңы абонент кошулду.

“2014-жылы электр энергияны керектөө 14 млрд киловатт болсо, бүгүнкү күндө 20 млрд киловаттка жетти. 2021-жылдан баштап экономиканын өсүшүн көрүп жатасыздар, жол, завод-фабрика салынса да, дүкөн иштетилсе да электр энергиясы кетет. Аймактарда канча мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Анткени ал жакта газ жок. Мына Чүй облусу газдаштырылууда. Жаңы конуштарга кызыл китептер берилди. Жаңы конуштарда жаошоочулар көбөйүп жатат. Жаңы турак жайлар курулууда. Мунун баарына кошумча электр энергиясы талап кылынат”, – деди ал.

Связанный пост