Ибраев: Электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук гана азайтылууда
Өлкөдө электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук гана азайтылды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эртең менен саат жетиден тогузга чейин жана кечкисин саат алтыдан тогузга чейин электр энергиясын керектөө жогору болууда. Буга байланыштуу калкка берилип жаткан 5 кВт электр энергиясы ушул убактарда 3 киловаттка түшүрүлүп жатат.
“Электр энергия көп керектелген учурда биз элге келишимде көрсөтүлгөн 5 кВт электр энергиясын бере албай жатабыз. Бул эртең менен эки саат – 07:00дөн 09:00гө чейин, кечкисин – 18:00дөн 21:00гө чейин. Бул убакта электр энергиясын керектөө жогорулап жатат. Бул убакта бизде эле эмес, Орто Азияда, Европада электр энергия көп талап кылынат. Бизде тарифте 70 тыйындан 1 сомго чейин тартыштык бар. Тариф бизде 1 сом 37 тыйын. Орточо эсеп менен алганда бир кВт/саат электр энергия 2 сом 50 тыйынга чейин болушу керек. Ошол тартыштыкты жаба албайбыз да. Ошол үчүн биз эртең менен кечкисин 5 киловатты 3 киловаттка чейин чектөө киргизип жатабыз. Бирок биз жарыкты өчүргөн жокпуз. Болгону кубаттуулукту гана азайтып жатабыз. 3 киловаттка телевизор, муздаткыч, ончакты лампочка, бир жылыткыч, суу ысыткыч иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди министр.