Калк электр энергиясы үчүн каражатты толугу менен төлөп жатат
Калк электр энергиясы үчүн каражатты толугу менен төлөп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Министр белгилегендей, учурда дебитордук карыз боюнча маселе жок.
“Билесиздерби мурда электр энергиясына акча төлөбөйт деп журналисттер менен көчө кыдырып, акча төлөбөгөндөрдүн электр чубалгысын кесип, сотко берчүбүз. Учурда дебитордук карыз боюнча маселе жок. Электр энергия колдонгон элибизге ыраазычылык айтып кетишибиз керек. Каражатты 100% төлөп жатышат. Карызы барлардыкы программа аркылуу өчүрүлөт. Каражатын төлөгөндө кайра дароо күйгүзүлөт”, – деди ал.