Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо аяктады

 Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкциялоо аяктады

Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын, ал эми Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштери аяктап, учурда тестирлөө жумуштары башталды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, министр Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Токтогул ГЭСнин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштери 100% аткарылып, ГЭСтин кубаттуулугу 1200 МВттан 1440 МВтка чейин көбөйдү.

Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты жаңыланып, ага дагы 9 МВТ кубаттуулук кошулду. Буга чейин 2024-жылы биринчи гидроагрегат толугу менен алмашылган. 2026-жылы калган эки гидроагрегатты реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Жыйынтыгында ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 36 МВт кошулат.

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын тестирлөө жумуштары аяктагандан кийин толугу менен ишке киргизүү иш-чарасы өткөрүлөт.

Мындан тышкары энергетика министри жакында ишке киргизилген жалпы кубаттуулугу 18 МВт болгон Кара-Көл ГЭСинин учурдагы иштөө абалын жеринде көрүп чыкты. ГЭС учурда штатттык режимде иштеп жатат.

Связанный пост