Баткенде экстремисттик уюмдун 10 мүчөсү кармалды
Баткенде “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтан билдиришкендей, “Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында 10 адам кармалган. Кармалгандардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.
Алар “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргызстандын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталды.
Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.