Айдаркенде бетон заводу курулду

Баткен облусундагы Айдаркен шаарында таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев бүгүн заводдун тесттик режиминдеги иши менен таанышты.

Муниципалдык ишкана суроо-талапка жараша толук кандуу кубаттуулукта иштеген учурда, күнүнө 60 тонна шагыл, 1000 куб метр бетон аралашмасын даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ишкананын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 32 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом жумшалган.

Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болот.

Связанный пост