БУУнун штаб-квартирасында “Камбаркан” ансамблинин концерти өттү
7-ноябрда БУУнун штаб-квартирасында фольклордук-этнографиялык “Камбаркан” ансамблинин концерти өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул “Камбаркандын” АКШдагы акыркы гастролунан кийин жыйырма жылдан соң алгачкы гастролу болуп саналат.
“Тоолордон океандарга чейин” аттуу символикалык концерт БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына (КС-30) арналды жана эл аралык коомчулукту тоо экосистемаларын жана океандарды коргоо үчүн биргелешкен аракеттерге чакырды.
Иш-чараны Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү жана Тонга Падышалыгынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурушту. Бул демилге ар башка табигый шарттарда жашаган тоолуу жана кичи арал мамлекеттеринин ортосундагы тилектештикти, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан жалпы чакырыктарды биргелешип чечүүгө болгон умтулуусун көрсөткөн маанилүү кадам болду.
“Камбаркан” ансамблинин концерти Кыргызстандын бай маданиятын, өлкөнүн табиятты, уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого болгон туруктуу аракетин даңазалады. Комуз, ооз комуз жана башка улуттук аспаптардын мукам үндөрү, көчмөн элдин обондору жана Кыргызстандын тоолорун, дарыяларын, мөңгүлөрүн чагылдырган видеокадрлар адам менен табияттын биримдигин даана чагылдырды.
БУУнун имаратындагы бул концерт Кыргызстан тарабынан тоолордун туруктуу өнүгүүсүн жана экосистемаларын коргоону илгерилетүүдө маанилүү салым катары бааланып, кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы жана өзгөчө маданияты менен эл аралык коомчулукту жакындан тааныштырган маанилүү маданий окуя болду.