Амангелдиев менен Барсегян ЕАЭБ алкагында кооперацияны талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү (өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри) Гоар Барсегян менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ алкагында өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинде биргелешкен кооперациялык долбоорлорду колдоо боюнча мындан аркы кызматташуунун багыттарын жана бул демилгелерге кыргыз ишканаларынын катышуусун, ошондой эле жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү жана өндүрүштү локализациялоону стимулдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, инвестицияларды тартуу жана кыргыз бизнесинин союздук долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча диалогду улантуу жана аракеттерди координациялоо боюнча милдеттенмелер тастыкталды.
Мындан ары консультациялар жана конкреттүү сунуштар боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү пландалды.