Улуттук банк 173,9 млн доллар сатты
Улуттук банк 10-ноябрда жыл башынан бери эң ири валюталык интервенцияны жүргүзүп, банктар аралык валюта рыногуна 173,9 млн доллар сатты.
Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул сумманын 65,3 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 108,6 млн доллары башка күнгө эсептешүү менен сатылган.
Ошентип, 2025-жылдын башынан бери Улуттук банк жалпысынан 6 жолу валюталык интервенция жүргүзүп, анын жүрүшүндө 590,5 млн доллар саткан.
Валюталык интервенциялар сомдун алмашуу курсунун ашыкча өзгөрүүлөрүн тегиздөө жана ички валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында ишке ашырылат.