Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдөгү адаптация программаларын каржылоону активдүү жактоодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бразилиянын Белем шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында “Париж келишиминин он жылы: улуттук салымдар жана каржылоо” аттуу тематикалык сессиясында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Кыргызстандын жаңыланган Улуттук аныкталган салымы (NDC 3.0) 2030-жылга карата парник газдарынын эмиссиясын 18%га (же эл аралык колдоо менен 30%га чейин) кыскартуу жана кылымдын ортосуна чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү каралган.

Ал белгилегендей, Кыргызстан үчүн зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарган, бийик тоолуу өлкө катары негизги маселе эмне кылуу керек эмес, бул үчүн керектүү ресурстарды кантип камсыз кылуу керек. Эксперттердин баамында айтылган максаттарга минималдуу эффективдүү жетүү үчүн кеминде 6 миллиард доллар талап кылынат.

Эдил Байсалов тоо экосистемаларын климатты каржылоо үчүн өзүнчө глобалдык негиз түзүүгө чакырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстанда Париж макулдашуусунун 6.2 жана 6.4-беренелерине ылайык көмүртектүү сооданын улуттук системасын өнүктүрүү боюнча башталган иштер тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле 800 ммлн көчөт отургузуу менен өлкөнүн токойлорунун көлөмүн 15%га чейин көбөйтүү боюнча жаңы улуттук демилгени белгиледи. Бул Кыргызстанга келерки 20-30 жылдын ичинде жылына 250 млн доллардан 400-500 млн долларга чейин көмүртек кредиттерин сатууга мүмкүндүк берет.

Саммиттин алкагында Эдил Байсалов ошондой эле өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Связанный пост