Америкалык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

 Америкалык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-америка Ишкерлер кеңешинин тегерек столун өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тегерек стол президент Садыр Жапаровдун Америкадагы “С5+1” форматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Сыдыков Кыргызстан стратегиялык инвестициялар үчүн ачык бойдон кала берерин жана чет элдик өнөктөштөргө долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ачык-айкын шарттарды, туруктуулукту жана мамлекеттик колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Министр өлкө реформа жолу менен ишенимдүү жылып баратканын жана региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн кыргыз-америкалык ишкердик өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн белгиледи.

Связанный пост